Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:42

Равшан Жээнбеков куугунтук бир да бийликке ийгилик алып келбегенин айтты


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков саясий оппоненттерин куугунттукка алган бир да бийлик ийгиликке жетишпегенин билдирди. Бул тууралуу ал 20-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча отурумда учурда айтты.

“Саясатчыларды, оппоненттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн, журналисттерди куугунтуктоо менен бир да мамлекет, бир да авторитардык бийлик ийгиликке жеткен эмес”, - деди Жээнбеков.

Биринчи май райондук сотунда 20-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму бир аптага жылдырылды. Буга айыпталуучулар жана адвокаттардын толук келбегени себеп болду. Кийинки отурум 27-сентябрга белгиленди.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. “Жарандык көзөмөл комитети” уюму аны саясий туткун деп тааныган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG