Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Тажикстанга киргизилип кеткен окуучулар Кыргызстанга кайтарылды


Лейлек районунан тартылган сүрөт. 2021-жылдын апрелинин соңундагы куралдуу жаңжалдан кийинки көрүнүш.

Тажикстанга белгисиз кишилер алып кирип кеткен кыргызстандык эки мектеп окуучусу мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 24-сентябрда маалымат таратты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө Баткен жана Согди облусунун башчылары, чек ара кызматтарынын аймактагы жетекчилери катышты. Жолугушуу Кыргызстандын Кулунду, Тажикстандын Овчи Калача чек ара бекеттеринин аймагында болду.

Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки тургунун жана Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Тажикстан тараптан келген белгисиз кишилер 23-сентябрда алып кетишкен.

УКМКнын баштапкы маалыматына ылайык, өспүрүмдөр шарттуу чек ара тилкесинде аткезчилердин жүгүн автоунаага жүктөөгө жардам берип жатышкан.

УКМК өспүрүмдөрдү кармап кетүүгө Тажикстандын күч органдарынын катышы бар-жогу такталып жатканын билдирди.

Бул окуя боюнча Тажикстан тарап расмий маалымат бере элек.

Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында Лейлек районунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипке өттү.

23-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен башка бир аймакта (Баткен районунда) мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу, тажик тараптан эки бала менен бир чоң киши жабыр тарткан.

Чек арада быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда эки тараптан ондогон адам курман болуп, жүздөгөн имараттар кыйраган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG