Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

"Алтын комузду" төкмө акын Баян Акматов жеңип алды


"Алтын комуз" өрүктөн чабылып, 300 миң сомдук алтын жалатылган.
"Алтын комуз" өрүктөн чабылып, 300 миң сомдук алтын жалатылган.

Ош шаарында 22-23-сентябрда уюштурулган Республикалык айтыштын баш байгесине төкмө акын Баян Акматов ээ болду. Ага алтын жалатылган "Алтын комуз", 80 миң сом жана "Ак таңдай" аттуу алтын төш белги ыйгарылды.

Биринчи орунга Айсааба Базарбай кызы, экинчиге Жылдызбек Төрөканов, үчүнчү орунга Мамбеттокто Мамбеторозо уулу татыды.

Айтышка жалпысынан 40 акын катышып, финалга 16сы чыкты. Арасында эки казак акыны да бар.

Айтышты ЭлТР менен “Ак таңдай” акындар ордосу уюштуруп, иш-чара эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, Мамлекеттик тил майрамына жана Ош шаарынын күнүнө арналды.

“Алтын комуздан” сырткары, байге фондуна президенттик фонддон 500 миң сом бөлүнгөн. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG