Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

АКШ Бурана мунарасын оңдоого 200 миң доллар бөлдү


АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Бурана мунарасын оңдоп, калыбына келтирүүгө 200 миң доллардан ашуун каражат бөлдү.

Элчилик буга байланыштуу долбоорун 24-сентябрда мунара жайгашкан жерде ачты. Маалыматка караганда, каражат АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондунан бөлүнүп жатат.

"Улуу Бурана мунарасы миң жыл бою кылым карытып турду жана биз ал дагы миң бекем турат деген үмүттөнөбүз. Бүгүн биз кыргыздын улуттук байлыгын сактоону колдоо үчүн Кыргыз-АКШ өнөктөштүгүн белгилеп жатабыз”, - деди АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Элчиликтин маалыматына ылайык, долбоорду Музейдик демилгелер коомдук биримдиги борбору Кыргызстандын Маданият министрлиги, Эл аралык эстелик фондунун америкалык эксперттери жана Борбор Азиядан келген жергиликтүү эксперттер менен биргеликте ишке ашырат.

"Адистер Бурана мунарасынын бузулган чатырын суу өткөрбөгөн материал менен калыбына келтирип, антисейсмикалык техниканын жардамы менен дубалдарын жер титирөөдөн коргойт. Маданият министрлигинин жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин кызматкерлери, кураторлор жана реставраторлор үчүн семинарлар, мастер-класстар өткөрүлөт", - деп жазылган элчилик тараткан маалыматта.

"АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фонду" (AFCP) 2001-жылы АКШнын Мамдепартаменти тарабынан негизделген. Фонд аркылуу департамент жыл сайын дүйнө жүзү боюнча маданий мурастардын уникалдуу объектилерин коргоого багытталган долбоорлорду каржылайт.

Буга чейин AFCP фонду Өзгөндөгү күмбөздү, Кыргыз мамлекеттик тарых музейиндеги уникалдуу алтын коллекцияны жана Жалал-Абад облусундагы 11-кылымга таандык Шах-Фазил күмбөзүн калыбына келтирген. Жалпысынан фонд Кыргызстанда маданий мурастарды сактоо үчүн 500 миң доллар бөлгөн.

Бурана мунарасы X-XI кылымдарда курулган. 2014-жылы ал ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастары тизмесине кирген. Мунара мамлекет тарабынан корголот.(MzH)

АКШ Бурананы сактап калууга каражат бөлөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:51 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG