Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Дүйнөдөгү 100 белгилүү эмгек казакча которулду


Казак тилине которулган китептер.

Казакстан дүйнөдөгү 100 белгилүү илимий эмгекти казакчага которду. Тажикстандын ооган качкындарына байланышкан позициясы эмне себептен өзгөрдү? Талибдер чөнтөк телефондогу маалымат үчүн жазалайбы?

Качкындарды кабыл алууну каалабаган коңшулар

Дүйнөлүк басылмалардын көбү Ооганстандагы жана анын айланасындагы окуяларга кайрылып, талибдер бийликти басып алгандан бери элдин турмушу кандай өзгөргөнүн, кандай коркунучтар жаралганын чагылдырып келет.

The Diplomat басылмасында 22-сентябрда Борбор Азия боюнча аналитик Умида Хашимованын макаласы жарык көрдү. Анда автор талибдер Кабулду басып алгандан кийин Ооганстан кайрадан качкындар кризисинин очогуна айланганын эске салган. Чөлкөмдөгү кошуналар кара жанын калкалап ооп келген оогандарды массалык түрдө кабыл албасын дароо билдиришкенине токтолгон.

Чек арадан өтүп келген оогандар артка же үчүнчү өлкөлөргө кайтарылган учурлар болгонун эске салган.

Макалада июнь айында жоочулар менен кармашкан оогандык чек арачылар Тажикстанга кире качканы, аларга “гуманизм жана достук” принцибине таянып өлкөгө кирүүгө уруксат берилгени, кийин Тоолуу Бадахшан облусунун жетекчиси 10 миң качкынды кабыл алууга даярдыгын билдиргени айтылат.

Көп узабай, 23-июлда тажик Чукул кырдаалдар комитетинин төрагасы өлкөнүн 100 миң качкынды кабыл алууга чамасы жетерин жарыялаган.

"Тажикстандын Борбор Азиядагы кошуналары коопсуздук маселесинен улам качкындардын жайгаштырылышына каршылыгын билдиришкен. Түркмөнстан былтыр эле “Талибан” менен сүйлөшүүдө алардан оогандардын ыктымал агымынан коргоо кепилдигин сураган. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги улуттук чек арасынан мыйзамсыз өткөндөр катуу жазаланарын эскерткен", - дейт аналитик.

Макалада казак президенти Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун ооган качкындарды кабыл албоо тууралуу жалпы позициясын колдоп сүйлөгөнү, ал эми Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров миграциялык процесстерди көзөмөлдөөнү, региондо коопсуздук алкагын түзүүнү сунуш кылганы айтылат. Борбор Азия өлкөлөрүнүн тандоосуна чечүүчү таасир эткен чөлкөмдөгү ири оюнчу Москва качкындардын агылышына каршы экенин так билдирген.

"Ошентип, аймактагы ушундай каршылык расмий Дүйшөмбүнү буга чейинки позициясын кайра карап чыгууга мажбур кылды", – деген бүтүмгө келет макаланын автору.

Аналитик тажик бийлиги риторикасын өзгөртүп, 2-сентябрда ички иштер министри Рамазон Рахимзода анын өлкөсү инфраструктуранын жоктугунан жана каражат тартыштыгынан улам көп сандагы качкындарды кабыл албай турганын билдиргенине көңүл бурган.

Оогандар жеке маалыматын жашырууда

Ооганстандагы абалга дүйнөлүк басылмалардын көбү кайрылып, талибдер бийликти басып алгандан бери элдин турмушу кайсы нукка өзгөргөнүн, кандай коркунучтар жаралганын чагылдырып келет.

Le Monde гезити 21-сентябрдагы санында катардагы оогандар чөнтөк телефондорундагы маалыматтарды өчүрүп, социалдык тармактардагы баракчаларын тазалап жатканын жазды.

Гезит айрым маалымат каражаттарындагы кабарларга, жериндеги күбөлөргө таянып, талиб жоочулары телефон жана башка гаджеттерден кээ бир кишилердин мурдагы өкмөттүн мүчөлөрү же америкалык куралдуу күчтөр менен байланыштарын издеп, катуу текшерип жатканын баяндайт. Муну уккан оогандар телефон, компьютериндеги музыка, ырларды, чет өлкөлүктөр менен түшкөн сүрөттөрдү шашылыш өчүрүүгө киришкен.

Макалада айтылгандай, америкалык санарип тармагындагы дөө-шаа компаниялар Ооганстандагы кырдаалдын кескин өзгөрүшүнө тез реакциясын көрсөткөн. Мисалы, “Фейсбук” журналисттер, укук коргоочулар оогандык колдонуучулар тууралуу маалыматтарды жашыруун кармоо функциясын иштеп чыкканын дароо эскерткен.

Атап айтканда, Ооганстанда жайгашкан кардарлар өзүнүн баракчасын блоктоп же дос эмес адамдар алардын жеке баракчасынын мазмунун көрө албагыдай кылып коргой алышат.

“Твиттер” дагы бир катар ушул өңдүү чараларды көргөн. Google жашыруун маалыматтар сыртка чыгып кетпеши үчүн Ооганстандын мурдагы мамлекеттик кызматкерлерине таандык бир нече электрондук почтага кирүүнү убактылуу чектеген.

Бирок дигиталдык коопсуздук боюнча Front Line Defenders деген бейөкмөт уюмунун эксперттери компаниялар бул багытта көбүрөөк иш жасай алат болчу, кимдир бирөөнүн өмүрүн тобокелге салган мазмунду, мисалы интернеттин башка колдонуучулары чыгарган сүрөткө түшүп калган болсо, аны алып салууну өтүнсө, дароо ошондой кылыш керек деп эсептешет.

"Мындай тажрыйбага Шри-Ланкадагы соңку шайлоо учурунда күбө болгонбуз, бизге көптөгөн киши кайрылып, аларга зыян тийгизет деген маалыматты өчүрүүгө жардам берүүнү өтүнүшкөн, ушундай эле нерсе Индия менен Мьянмада да болгон", - деп айтышкан уюм өкүлдөрү гезит кабарчыларына.

Казак өкмөтү билимдеги ажырымды жойгусу келет

Eurasianet казак өкмөтү эне тилдин ролун күчөтүү максатында дүйнөдөгү 100 белгилүү илимий эмгекти которууну каржылаганын жазды.

Алматылык журналист Алмаз Куменов 23-сентябрда чыккан макаласында казак тилдүү окурмандарга окуу куралдарынын тандоосун кеңейтүүнү көздөгөн долбоорго өкмөт бюджетинен 9 миллион доллар жумшалганын баяндайт. Расмий маалыматтарга караганда, ар бир китептин 10 миң нускасы басылып чыгып, өлкөнүн жер-жерине жөнөтүлдү.

Эмгектер арасында Бертран Расселдин “Батыш философиясынын тарыхы”, Эрнст Гомбрихтин “Искусствонун тарыхы”, экономика, социалдык илимдер жөнүндө белгилүү окуу куралдары бар.

Автор Мамлекеттик катчы Крымбек Кушербаевдин “Казакстандагы ар бир студентке дүйнөдөгү эң белгилүү окумуштуулардын китептери, идеялары, эмгектери менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүдөбүз”, - деген сөздөрүн мисал келтирет.

Окуу китептеринин электрондук версиясы да “ачык университет” порталында жайгаштырылган. Бул ресурс казакча видео сабактарды да камтыйт.

Макалада казакча окуу куралдары орусчага караганда аз экени, мунун кесепети сезилип жатканы, ажырымды мектептердин, студент-окуучулардын билим деңгээлинен баамдаса болору айтылат.

Куменов ошондой эле Дүйнөлүк банк мектептердин окуу куралдары менен камсыздалышы PISA көрсөткүчтөрүнө түздөн түз таасир этерин аныктаганын жазды.

“Казакстанда казак тилиндеги окуу жайлары көбөйгөнү менен сапаттуу китептердин таңсыктыгы сезилип жатат, бул маселеге олуттуу көңүл буруш керек” деген ой менен жыйынтыкталат макала.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG