Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

COVID-19: Жапонияда өзгөчө кырдаал 30-сентябрда токтойт


Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга.
Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга.

Жапонияда коронавируска байланыштуу алты айга созулган өзгөчө кырдаал алынганы жатат. Мындай тартип 30-сентябрда аягына чыгарын жапон премьер-министр Ёсихидэ Суга шейшемби күнү жарыялады.

Жапонияда өзгөчө кырдаал апрель айында киргизилип, андан бери узартылып келген. Быйыл Токиодогу жайкы Олимп оюндары да катаал чектөөлөр менен коштолгон.

Премьер-министр Суганын айтымында, COVID-19дун болочоктогу толкундарын алдын алуу үчүн айрым чектөөлөр бара-бара гана алынат. Мындан тышкары жарандардын эмдөөдөн өткөнүн далилдеген паспорттор да талап кылынат.

Өзгөчө кырдаалга ылайык, ресторандар менен барлардын иштөө мөөнөтү кыскарган болчу. Ошондой эле, аларга алкоголдук ичимдиктерди кардарларга сунуштоого тыюу салынган. Токио, Осака жана Киотонун губернаторлору эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүлүп жаткан маалда бул чектөөлөр кала берерин билдиришти.

Жапонияда пандемия башталгандан бери коронавируска чалдыккан адамдардын саны 1,7 миллион кишиге чукулдады. Алардын 17,5 миңдейи көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG