Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Маратбек Акимбеков ОшТВнын башкы директору болуп дайындалды


Маратбек Акимбеков.
Маратбек Акимбеков.

Маратбек Акимбеков ОшТВ телеканалына башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Акимбеков өзү тастыктады. Ал 29-сентябрда жалпы жамаатка тааныштырылды.

Маратбек Акимбеков эмгек жолун ОшТВда кабарчы болуп баштаган. Буга чейин "7-канал", "Ош пирим" "Т-Медиа" каналында, "Ынтымак" медиада жана "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы болуп иштеген.

Телеканалды буга чейин Керимбек Калыкулов жетектеген.

ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиакомпаниялардын бири. Аны 90-жылдары жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев түптөгөн. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин аталган телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыккан. Июнь окуясынан соң ээси алмашып, кыргыз тилинде иштеп баштаган. Учурда телекомпания мамлекетке таандык жана Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан башкарылат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG