Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Ош аэропортундагы" көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген чек ара кызматкерлеринин коррупциялык агымын аныктады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, алар чет өлкөлүк жарандардан акча алып турган деп шек саналууда.
Маалыматка ылайык., буга байланыштуу кылмыш иши козголду. Учурда аэропорттогу 20 чек арачыны текшерүү иштери уланып жатат.
Кыргызстанга келген чет элдик жарандар башка күч түзүмдөрүнөн да ыдык көрүп жүрүшкөнү буга чейин да айтылып келген.(ZKo)
Дагы караңыз