Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

Тилекмат Кудайберген уулу 27-абакка которулду


Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов).
Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов).

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) №1 тергөө абагынан №27 түзөтүү колониясына которулду.

Бул тууралуу "Туран" партиясынын өкүлү Эрлан Бекчоро уулу "Азаттыкка" билдирди. Жаза аткаруу кызматы маалыматты ырастады.

Бишкектин Свердлов райондук соту 20-августта Тилекмат Кудайберген уулун күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Сот залынан камакка алынган активист өзүнө тагылган айыпты моюнуна албай турганын билдирген.

Тилекмат Кудайберген уулу "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деген негиз менен 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. 26-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Тилекмат Кудайберген уулу президент Садыр Жапаровдун саясатын сындап келет. Ал "Жетим-Тоону коргоо" кыймылын жетектеген, "Ханституцияга каршы" борборунда мүчө болгон. 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо "Туран" партиясын жетектеп чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG