Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Пхеньян Сеул менен байланыш каналын ачууга даяр экенин билдирди


Ким Чен Ын Түндүк Кореянын парламентинин жыйынында, 30-сентябрь 2021-жыл.
Ким Чен Ын Түндүк Кореянын парламентинин жыйынында, 30-сентябрь 2021-жыл.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын октябрь айынан тарта Түштүк Корея менен коммуникация каналын калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирди.

Ал бул тууралуу парламентке кайрылуусунда айтканын Түндүк Кореянын борбордук жаңылыктар агенттиги 30-сентябрда билдирди.

Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бирин башкарган Ким Чен Ын АКШнын диалог тууралуу сунушун четке каккан.

Ал Түштүк Кореяны курал-жарактарын көбөйтүп, аскердик машыгууларды өткөрүү менен "чөлкөмдөгү кырдаалды чыңалтып жатат" деп айыптап, Вашингтон "кастык маанайдагы саясатын" өзгөртпөй туруп эле сүйлөшүүнү сунуш кылып жатканын айтты.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматы буга жооп берип, Вашингтондун Түндүк Кореяга карата "эч кандай жаман ниети" жоктугун айтты жана АКШ сүйлөшүүлөргө ачык экенин белгиледи.

Пхеньян быйыл август айында Түштүк Корея менен АКШнын аскердик машыгууларына каршылык иретинде Сеул менен түз коммуникация каналын жаап койгон. Ал кезде бул канал бир жылдай жабык туруп, кайра иштей баштаганына бир нече күн гана болгон.

Соңку апталарда Пхеньян аскердик сыноолорун көбөйттү. 28-сентябрда Түндүк Корея тез учуучу жаңы ракетасын сынаганын жарыялаган. Мындай сыноолордон улам Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши АКШ, Британия жана Франциянын өтүнүчү менен 30-сентябрда жыйынга чогулганы жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG