Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Рахмондун коопсуздугу үчүн Куляб-Дүйшөмбү жолу жабылды


Тажикстандын Куляб аймагы.
Тажикстандын Куляб аймагы.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 4-октябрда бул аймакка келгенине байланыштуу анын жеке коопсуздугуна байланыштуу аталган жол эрте мененки жетиден баштап кечке чейин жабылган.

Жүздөгөн адам жолдун ачылышын күтүп, эртеден кечке турууга аргасыз болду. Бул автожол Хатлон облусунун борбору Кулябдын райондору менен Дүйшөмбү шаарын байланыштырган магистрал.

Ооруканага шашылып бара жаткандарды дагы жолдон өткөрбөй койгон учурлар катталганы кабарланды. Өз ысымын ачык атагысы келбеген жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү аларга жолду толугу менен жабууга көрсөтмө берилгенин, жогортон буйрук болгондо гана жол ачыларын айтты.

Тажик президенти Эмомали Рахмон жылына эки ирет өлкөнүн аймактарына иш сапары менен барып, анда кандайдыр бир өндүрүштүк ишканалардын ачылышына катышып келгени белгиленди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG