Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

7-октябрдын аба ырайы


Күзгү Чуңкурчак. Иллюстрациялык сүрөт.
Күзгү Чуңкурчак. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 7-октябрда түнкүсүн абанын температурасы Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° чейин төмөндөп, үшүк жүрөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

7-октябрда Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9
Нарын облусунда 0…5, күндүз 5…10 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 7…9° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG