Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:31

Абакиров: Бийлик шайлоодон мурда экономиканы ойлосо болмок


Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

Экономика министринин мурдагы орун басары, саясатчы Элдар Абакиров мамлекеттик башкарууда кийинки парламенттин ыйгарым укуктары чектелгенин белгилеп, бийлик Жогорку Кеңешке өз адамдарын алып келүүгө кызыкдар болууга кажети жок деп эсептейт.

Экономист бул тууралуу «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» талкуусунда билдирди.

"Бийлик шайлоону ойлонбошу керек. Таза өткөрсө эле кудай буюрган депутаттар келет. Эми Жогорку Кеңештин функциясы деле өтө минималдуу. Трибуна сыяктуу эле болуп калды. Ошондуктан бийликтин партиясын түзүп, аны менен алышпай экономика жана ири долбоорлорду ишке ашыруу керек. Ишкерлерге кыска мөөнөттө шарт түзүп берсе эле Кыргызстан жакшы жолго кетиши мүмкүн", - деди Абакиров.

Абакиров темир-жол долбоору баштоо, чакан ГЭС салууга кызыкдар ишкерлерге шарт түзүү сыяктуу сунуштарын айтты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. "Аалам" жана "Ак ниет" партиялары шайлоого катышуудан баш тарткан.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG