Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:25

Бишкектин 381 млн. сом дебитордук карызы бар


Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин 26-августтагы отурумунда калаа башчы болуп шайланган.
Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин 26-августтагы отурумунда калаа башчы болуп шайланган.

Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев басма сөз жыйынын өткөрүп, шаардын дебитордук карызынын көлөмү 381 миллион сомго жеткенин кабарлады.

"Бул карыздын 240 миллион сомдон ашыгы "Бишкек жылуулук" мекемесиники. "Бишкек транспорт" мекемеси "Газпромго" 18 миллион сом карыз экен. Ушундай карыздар турганда жаңы техника сатып алуу мүмкүнбү? "Газпром" менен эптеп карызды төлөөнү токтото туруу маселесин сүйлөштүк", - деди Жунушалиев.

Ал өзүнөн мурда иштеп кеткен калаа башчыларынын коррупциялык иштеринин айынан карыз көбөйгөнүн белгилеп, мэрияга караштуу муниципиалдык ишканалар өз функцияларынан тыш иштер менен алектенгени үчүн кырдаал оор экенин айтты.

45 жаштагы Жунушалиев буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.

Ал калаа башчылыгына Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу болуп 10 күн иштегенден кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткен Таалайбек Сарыбашовдон кийин шайланган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG