Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

АКШда коронавирустан өлгөндөрдүн саны төмөндөп жатат


Коронавирустан жабыркагандары дарылап жаткан медкызматкер.
Коронавирустан жабыркагандары дарылап жаткан медкызматкер.

Кошмо Штаттарда коронавирустан каза болгондордун саны жай айларына салыштырмалуу төмөндөдү. Сентябрдын орто ченинен бери каза болгондордун күнүмдүк көрсөткүчү 15% ылдыйлап, 1750нүн тегерегинде болуп жатат. Ал эми ооруканага түшкөндөрдүн саны бир ай мурда 94 миңдей болуп жатса, азыр төрт эсе азайды.

Адистердин айтымында, вакцина албаган америкалыктардын саны дагы дале арбын. Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түндүк Кореяга медициналык каражаттарды жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатат. Уюм билдиргендей, коронавируска каршы каражаттар Кытайдагы порт аркылуу жөнөтүлөт. Азырынча каражаттар жеткени же жетпегени белгисиз.

Түндүк Кореянын бийлиги өлкөдө коронавирус жок экенин билдиргени менен адистер мындан күмөн санашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG