Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Украин депутаттары спикерди кызматтан кетирүү үчүн добуш беришти


Украина парламентинин спикери Дмитрий Разумков.
Украина парламентинин спикери Дмитрий Разумков.

Украин депутаттары парламент спикери Дмитрий Разумковду кызматтан кетирүүнү колдошту. Буга аны менен бийликтеги "Эл кызматчысы" партиясынын ортосундагы талаш-тартыш түрткү болду.

7-октябрда анын отставкасы үчүн 284 депутат, анын ичинде бийликтеги партиянын 215 өкүлү добуш берди.

Разумков дагы 2019-жылы парламент спикерлигине келгиче "Эл кызматчысы" партиясынын мүчөсү болгон.

Ал олигархтардын саясатка жана бизнеске таасирин чектөөгө чакырган мыйзамга ачык каршылык билдирип чыккан.

3-октябрда Зеленский Разумковду сынга алып, "ал мындан ары биздин команданын мүчөсү эмес" деп айткандан кийин бийликтин партиясы Дмитрий Разумковду кызматынан кетирүү боюнча аракеттерин баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG