Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Омбудсмендин кеңсеси Чаткалда кен казган компанияларды сындады


Чаткалдагы кендердин биринде тартылган сүрөт.
Чаткалдагы кендердин биринде тартылган сүрөт.

Омбудсмендин кеңсеси Чаткал районунда кен казган компаниялар жарандардын эмгек укугун одоно бузуп жатканын маалымдады.

"Укук кербени" долбоорунун алкагында Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Чаткалда эл менен жолугушкан.

Анын билдиришинче, жергиликтүү тургундар алтын казган ишканаларда кээде 18-19 саатка чейин иштеп, эс алууга аз гана убакыт берилерин, ооруп калганы тууралуу маалымкат кабыл алынбай, саламаттыгына байланышуу өргүү акысы төлөнбөй турганын айтышкан.

Жумушчулардын даттануусуна байланышкан айрым фактылар далилденген. Ал эми кен иштеткен компания иш графиги жумушчулардын каалоосуна жараша болорун белгилеген.

Омбудсмендин кеңсеси кеп кайсы компания жөнүндө болуп жатканын ачык айткан жок.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы маалыматтар Экотехинспекцияга жолдонгонун жана Омбудсмен аппаратынын көзөмөлүндө экенин маалымдады.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы кендерди кытайлык, түркиялык жана казакстандык компаниялар иштетишет. Алар экологияны бузуп жатканын айткан тургундар ишти токтотууну талап кылып келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG