Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

Кыргызстанда Министрлер кабинети алмашары кабарланууда


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Кыргызстанда Министрлер кабинетинин курамы алмашары күтүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттөгү ишенимдүү булактар кабарлады.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагалыгына учурдагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун талапкерлиги каралууда.

Жаңы өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр болуп, 12-октябрда жарыяланышы мүмкүн. Өкмөттөгү ишенимдүү булактар Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев азыркы кызматын сактоо менен бирге коопсуздук тармагын тейлеген вице-премьер-министр кызматына дайындалары күтүлүп жатканын билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган дагы, четке каккан дагы жок.

Президент Садыр Жапаров 5-майда Конституциянын жаңы долбооруна кол койгондон кийин өкмөт Министрлер кабинети деп өзгөртүлүп, өкмөттүн жаңы түзүмү жана курамы бекитилген.

Учурдагы Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 3-февралда өкмөт башына келип, жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин кызматын сактап калган эле.

Өкмөт башына келет делген Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары - финансы жана экономика министри болуп ушул жылдын июнь айында дайындалган. Ал бул кызматка дайындалганга чейин "Кумтөр" алтын кенин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген. Сентябрдын аягында Женева шаарында өткөн "Центерра голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүсүндө Кыргызстандын делегациясын жетектеген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG