Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Сүйүн Өмүрзаков ИИМдеги ишин тапшырып, шайлоого катышарын билдирди


Сүйүн Өмүрзаков (солдо), Улан Ниязбеков (ондо).
Сүйүн Өмүрзаков (солдо), Улан Ниязбеков (ондо).

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков кызматын тапшырды. Бул тууралуу 11-октябрда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Өмүрзаков парламенттик шайлоого катышары белгилүү болду.

Аны ИИМден узатуу иш-чарасына президенттик администрациянын Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков, ички иштер министри Улан Ниязбеков, башкармалыктардын башчылары катышты.

Министрлер кабинетинин тескемеси менен Өмүрзаков берген арызына байланыштуу кызматынан бошотулганы, анын ордуна Адыл Бийбосунов дайындалганы айтылды.

Милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков буга чейин ИИМдин Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгын жетектеп келген.

Ал 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого өз алдынча талапкер катары катышабы же партия мененби, азырынча расмий айтыла элек.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG