Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында жолго катылган бомба жарылып, андан Карачиде урду тилинде кабар тараткан "Метро Ньюз 1" телеканалынын журналисти Шахид Зехри мерт болду.
Анын кесиптештеринин жана расмий жетекчилердин айтымында, бомба 35 жаштагы Зехри досу менен кошо Пакистандын түндүк-батышындагы Карачи шаарына автоунаа менен бара жаткан учурда жарылган. Бул окуя үчүн чөлкөмдөгү жикчил кыймыл топ катары мүнөздөлгөн "Белужистандын боштондук армиясы" жоопкерчилик алды.
Жардырууну улай Журналисттердин эл аралык бирлиги жана Пакистандагы журналисттердин федералдык биримдиги чогуу билдирүү таратып, өкмөттү маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн бутага алган адамдарды жоопко тартууга чакырышты.
Быйыл 7-июлда белужистандык журналист Анвар Жан Катран да Баркан аймагында киши колдуу болгон.
Журналисттердин эл аралык бирлигинин маалыматына ылайык, 2020-2021-жылдары Пакистандагы бул сыяктуу чабуулдардан тогуз журналист каза тапкан.