Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

Евробиримдик газ кымбаттагандан бери көмүр колдонууну карап жатат


Европада көмүр менен көмүртек энергия булактары кымбат болгону менен газга салыштырмалуу баасы кыйла төмөн бойдон калууда.
Европада көмүр менен көмүртек энергия булактары кымбат болгону менен газга салыштырмалуу баасы кыйла төмөн бойдон калууда.

Европа Биримдигинин аймагында газ кымбаттап, калктын көпчүлүгү көмүргө өтө баштаганын "Евроньюс" телеканалы кабарлады. Ошол эле маалда Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгү таза, экологиялык жашыл энергияны колдонууга өтүү стратегиясын даярдап жатат.

Европада көмүр энергиянын кымбат булагы болуп саналганына карабай газга салыштырмалуу арзан.

Польша менен Чехиянын ортосунда чек арага "Туров" көмүр шахтасына байланыштуу талаш-тартыш кызыды. Польша Чехия менен чектеш аймагындагы бул шахтанын ишин жабуудан баш тарткан.

Люксембургдагы Европа Биримдигинин соту ушундан улам Варшаваны Брюсселге күн сайын жарым миллион евродон кенемте төлөп бериши керек деген бүтүм чыгарган.

Расмий Прага Польшадагы шахта Чехиянын түндүгүндө жашаган калктын саламаттыгына терс таасир этип, абаны булгап жатканын белгилеп келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG