Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

UNICEF: Өзбекстанда кыз-келиндердин 68% интернетти колдонгон эмес


Uzbekistan - Uzbek girls are picking cotton in Tashkent region, undated
Uzbekistan - Uzbek girls are picking cotton in Tashkent region, undated

Өзбекстанда 14 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндердин 68% эч качан интернет колдонгон эмес.

Мындай тыянакты Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарды коргоо фонду атайын жүргүзүлгөн изилдөөдөн кийин чыгарды.

Компьютердик сабаты ачылбагандардын 43,5% кыздар болсо, эркек балдар 30% түзөт.

UNICEF бул көрсөткүчтөн улам өлкө жаштарынын эмгек рыногундагы дарамети төмөндөп кетерин маалымдады.

"Кыз-келиндердин санариптик сабаты жоюлушу керек, гендердик кысымдан узак жашап, өз мүмкүнчүлүктөрүн ачышы зарыл", - деп айтылган UNICEF уюму тараткан билдирүүдө. Кечээ, 11-октябрда дүйнөдө кыздар күнү белгиленди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG