Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Бишкектеги жаңы конушта эко-фестиваль өттү


Бишкек четиндеги таштанды талаасына жакын Алтын Казык жаңы конушунда "Trash-3: искусство+экология" аттуу эко-фестивалдын жыйынтыктоочу күнү 12-октябрда болду.

Эколог-активисттердин демилгеси менен үч айдан бери таштандыдан атайын материалдар топтолуп, он инсталляция жасалган, катышуучулар таштанды талаасына бир нече ирет барып, атайын эко-турлар уюштурулган. Фестивалга жаңы конуштун тургундары, балдары, студенттер, экологдор, журналисттер катышты.

Анын уюштуруучулары таштанды талаадан чыккан уулуу заттар, алардын экологияга тийгизген зыяны, Бишкек мэриясынын жоопкерчилиги тууралуу айтып беришти.

Фестиваль АКШнын Чикаго шаарындагы CEC ArtsLink Fellowship эл аралык программасынын алкагында өттү.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдагы маалыматына караганда өлкө боюнча азыр ушу тапта 16,5 млн. тонна таштанды бар.

Алардын басымдуусу желимден жасалган баштык, бөтөлкө, идиш жана темир-тезек. Учурда Кыргызстандын бир да аймагында таштандыны кайра иштете турган ишкана жок. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG