Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Муфтияттын алдында айымдар клубу түзүлөт


Муфтий Замир Ракиев айымдардын жамаатын кабыл алды. 12-октябрь, 2021
Муфтий Замир Ракиев айымдардын жамаатын кабыл алды. 12-октябрь, 2021

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) алдында айымдардын "Хадижа" аталыштагы клубу түзүлөт.

Бул тууралуу маалымат муфтияттын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, муфтий Замир Ракиев 12-октябрда айымдардын жамаатын кабыл алып, клуб туурасында сүйлөштү. Ал аялдар үчүн атайын сабактарды уюштуруп, терс диний агымдардан оолак кылуу, үй-бүлө институтун бекемдөө, зордук-зомбулуктарды болтурбоо, балдарды туура тарбиялоо, айымдардын билим алуусуна шарт түзүү жана алардын суроолоруна өз учурунда жооп берүү үчүн ушундай клуб түзүлүп жаткандыгын билдирди.

КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов учурда бул жаатта атайын программалар иштелип жаткандыгын айтып, атайын айымдарга жана үй-бүлө маселесине тиешелүү бир катар темалар даярдалып жатканын билдирди. Ал эми айымдардын жамааты аялзаты үчүн руханий жана психологиялык колдоо керектигин айтышып, сунуш-пикирлерин калтырышты.

“Исламдагы аял темасын көтөрүп, алардын үйдөгү жана коомдогу кызматы, кадыр -баркы, статусу боюнча дагы баяндамаларды жасоо керек. Ислам жана аялдардын стили, диний салттарды жана заманбап тренддерди сырткы келбетинде кантип айкалыштыруу керек, үй -бүлөлүк мамилелер, балдарды азыркы реалдуулуктун шартында тарбиялоо, кыйынчылыктарга туруштук берүү методдору боюнча иш алып барсак”, - деген муфтий менен жолуккан айымдар.

Муфтий Замир Ракиев “Хадижа” клубунун максаты каада-салт, үрп-адат менен айкалыштырып, диндин баалуулуктарын коомчулукка жана айымдарга жеткирүү экенин айтты.

Акыркы кезде мусулман активист аялдар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтияттын) курамында аялдар менен иштөө бөлүмүн түзүү зарыл деген маселе көтөрүшкөн. Социалдык тармактарда муфтийдин орун басары кызматына аялзатын дайындоо тууралуу сунуштар дагы айтылууда. Алар бул орунга дайындала турган киши мусулман аялдарынын социалдык жана гендердик маселелери менен алектениши керек деп жүйө келтиришкен.

Муфтиятта аялдар менен иштөө бөлүмү 2013-жылы ачылган. Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев келгенден кийин муфтияттын уставын, түзүмүн реформалоо алкагында аялдар бөлүмү жабылып, кайра жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмү болуп кайра түзүлгөн. Бирок бул иштерди жүргүзүүгө муфтияттын бюджетинен акча бөлүү, атайын программалык жактан аялдар менен такай иштөө маселеси каралган эмес. Рахматулла Эгембердиев муфтий болуп турган учурда аялдар бөлүмүн "Мутакалим" аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жетектеген. Аялдар бөлүмү облустук казыяттарда ачып, жетекчилигине аялдарды дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG