Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:51

Сариев жарандык укугу тебеленип жатканын билдирди


Темир Сариев.
Темир Сариев.

"Кумтөр иши" боюнча шек саналып, камакка алынган мурдагы премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаардык сотундагы бөгөт чарасын кароо учурунда өзүнө жалган жалаанын негизинде айып коюлуп, жарандык укугу бузулуп жатканын билдирди.

Ал 12-октбярда сотто сүйлөп жатып "Кумтөр ишине" байланыштуу Экология жана климат боюнча комитеттин төрайымы Динара Кутманова жалган жалаа жаап, бир катар маалыматтарды бурмалап жатканын айтты.

"Бүгүн Кумтөр боюнча маселе көтөрүп, ага сыртка башкаруу киргизүүгө мен өз кезегинде жетектеген мамлекеттик комиссиянын тыянактары мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Ал учурда парламентте эки күн отчет берип, бардык суроолорго жооп бергем. Ал эми бүгүн Кутманованын айтканы жалган. Бул эч кандай түшүнүгү жок адамдын айтканына тете болуп жатат. Анын 25 барактан турган отчету, ал жазган айыппулдар мен жетектеген мамлекеттик комиссиянын материалдарында бар",- деди Сариев.

Темир Сариев Кыргызстандан качып кетпей турганын, соттор эч далилденбеген айыптардын негизинде мыйзамсыз чечимдерди кабыл алып жатканын билдирди.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова буга чейин 2012-жылкы Садыр Жапаровдун комиссиясы анын изилдөөлөрүнө таянуу менен Кумтөрдү иштеткен компанияга 400 млрд. сомдой экологиялык доо (санкция) койгонун, ал эми 2012-2013-жылы Сариевдин комиссиясында анын бул жөнүндөгү сунуштары алынып салынган жана Экотехинспекция койгон 6-7 млрд. сомдук гана доо берилип калганын белгилеген.

“Иш менин арызымдын негизинде эмес, мөңгүнүн үстүнө калдык таштоо маселеси боюнча козголду”, - деген Сариев.

12-октябрда Бишкек шаардык соту Темир Сариевдин бөгөт чарасын карап, 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында камоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу кармалган Сариев 3-августтан бери камакта жатат.

"Кумтөр иши" боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак берген. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМКнын Кумтөр боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген.

Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпты четке кагып келет. (KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG