Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Коронавирустан эки бейтап каза болду, 63 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 13-октябрда ооруну жугузуп алган эки бейтап каза болду.

63 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, коронавирус жугузуп алып каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар. Ооруну жугузуп алгандардын көбү Бишкекте.

  • Бишкек - 35
  • Чүй облусу – 16
  • Ош облусу – 1
  • Талас облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Жалал-Абад облусу – 2


Ош шаары менен Нарын, Баткен облустарында ооруну жаңы жугузуп алгандар катталган эмес. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 492 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 624 адам каза болду. Бир күндө 122 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 430 адам ооруканада, 623 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,5 миллиондон ашты. Алардын 883 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG