Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Британияда депутаттын өлтүрүлүшү террордук акт катары тергелүүдө


Британияда депутат Дэвид Амесстин өлтүрүлүшү террордук акт катары мүнөздөлүүдө. Полиция кылмышкердин максаты - ислам экстремизми менен байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат.

15-октябрда Англиянын чыгышындагы Ли-он-Си шаарында консерваторлор партиясынын депутаты Дэвид Амесс бычакталды. Ал өзүнүн округундагы чиркөөдө шайлоочулар менен жолугушуп жатканда белгисиз бирөө кирип келип, кол салган.

Эссекс аймагынын полиция кызматкерлери окуяга байланыштуу бир эркек киши кармалганын, азырынча башка шектүүлөр жок экенин маалымдашкан.

Кылмышка шектүүнүн тек-жайы жөнүндө толук маалымат бериле элек.

69 жаштагы Дэвид Амесс 1983-жылдан бери парламентке депутат болуп шайланып келе жаткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG