Орусиянын Екатеринбург шаарында кеминде 18 адам уулуу метил спирти бар жасалма аракка ууланып каза болду. Бул маалыматты Тергөө комитети тастыктаганын "Свобода" радиосу 16-октябрда кабарлады.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, уулуу спирт 2021-жылдын 7-октябрынан 14-октябрына чейин сатылган. Шектүү эки жаран кармалып, кылмыш иши козголду.
Эки апта мурун Оренбург облусунда сапатсыз алкоголго ууланган ондогон адамдын 35и көз жумган.