Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

УКМК Салымбековдун кармалган себебин түшүндүрдү


УКМК имараты.
УКМК имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, айыл чарба азыктарын экспорттоого байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө айып тагылды. Расмий маалыматта айыл чарба азыктарын өлкөнүн чегинен тышкары жактарга экспорттоого тоскоолдуктарды түзгөн кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталганы айтылат.

Кылмыш айыл чарба азыктарын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө ташуу жол-жоболорун талдоо учурунда ачыкка чыккан. УКМКнын маалыматына караганда, өндүрүүчүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукциянын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан.

"Иликтөөнүн жыйынтыгында, Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин айрым кызматкерлери, бул коррупциялык схеманы уюштурган логистикалык компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле "Дордой Дыйкан" базарынын директору С.Э.М кармалып, жоопко тартылды. Кармалгандарга карата сот тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантууда",-деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Бишкектеги "Дордой Дыйкан" базарынын директору Эркин Салымбеков кармалып, 6-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалганы 14-октябрда белгилүү болгон.

Эркин Салымбеков бир катар компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн бири. DORDOI MOTORS жоопкерчилиги чектелген ишканасынын директору. (КЕ)

XS
SM
MD
LG