Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

20-октябрдын аба ырайы: Жаан жаабайт


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 21-октябрдан тартып Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-октябрда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19,

Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+2, күндүз 14...19,

Бийик тоолордо түнкүсүн -6...-11, күндүз 2...7 градус жылуу болот.

20-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 4…6, күндүз 19…21 градуска чейин жылуу болот. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG