Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Орусия полициясы үч кыргызстандыкка издөө салды


Орусия полициясынын кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия полициясынын кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Самара облусу боюнча башкармалыгы кылмыш кылып из жашырып жүргөн бир нече чет элдик атуулга издөө жарыялады

19-октябрда облустук полиция башкармалыгынын интернет сайтына издөөдөгү адамдардын тизмеси чыкты.

Арасында Кыргызстандын үч атуулу бар. Алар: 1993-жылы төрөлгөн Хожи Мамажанов ("Мас абалында унааны башкаруу, административдик жазадан качуу" беренеси боюнча), 1995-жылы Ош облусунда төрөлгөн Иброхимжон Маматкадиров ("Мамлекеттик документтерди, сыйлык, мөөр жана бланкттарды жасалма жол менен жасоо" беренеси), Ош облусунда 1996-жылы төрөлгөн Мухаммадбобур Азимжанов дагы документтерди, мамлекеттик сыйлык, мөөрдү жасалма жол менен жасоо беренеси менен изделүүдө.

Орусияда Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын расмий эсеби 600 миңден жогору, бейрасмий эсеп боюнча бир миллиондон ашык мигрант эмгектенет. (BCh)

XS
SM
MD
LG