Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

"Кызыл зонада" иштеген медиктерге акы төлөө маселеси парламентте көтөрүлдү


Коронавирус инфекциясына каршы "кызыл зонада" иштеген медицина кызматкерлерине августтан бери маяна берилбей жатат. Бул маселени депутат Наталья Никитенко 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү. Ал бир катар дарыгерлер арызданып кайрылганын билдирди.

Бир күн мурда парламенттин профилдик комитетинде да ушул көйгөй айтылган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айлык төлөөгө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ФОМС) 408 миллион, министрликке 100 миллион сом керек экенин билдирген. Каражат маселеси чечилсе, жума соңуна чейин маяна берилерин айткан.

COVID-19га каршы респубилкалык штабдын маалыматына ылайык, пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө алты миңден ашуун медицина кызматкери коронавирус менен ооруп, анын 123ү каза болду. Анын ичинде 79 дарыгер жана 44 орто медициналык персоналдын өкүлдөрү бар.

Өлкөдө коронавирус инфециясы жуккандардын расмий саны 180 миңден ашты. Алардын 2600дөн ашууну көз жуумп, 175 миңге жакыны айыкты

Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1 миллион 600 миңден ашты. Алардын 914 миңге жакыны вакцинанын биринчи дозасын, калганы эки дозаны тең алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG