Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:22

Тажикстанда укук коргоочу Иззат Амон тогуз жылга соттолду


Иззат Аммон.
Иззат Аммон.

Быйыл жазында Орусиядан Тажикстанга депортацияланган белгилүү тажик укук коргоочусу Иззат Амон тогуз жылга эркинен ажыратылды.

Анын адвокаты Саидбурхон Шарипов Дүйшөмбү шаардык сотунун бул чечимин "мыйзамсыз" деп эсептей турганын билдирди.

"Мунапыс тууралуу мыйзамга "алдамчылык" беренеси да киргизилгендиктен, ага ырайым берилет деп күтүп жатканбыз. Соттун бул чечимине таң калып турабыз. Ошондуктан өкүмгө байланыштуу апелляция беребиз. Бул өкүм мыйзамсыз, эч кандай мыйзамга жана нормативдик актыларга туура келбейт", - деди ал.

"Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылуу” беренеси менен күнөөлүү деп табылган укук коргоочунун жакындары да өкүмдү адилетсиз деп эсептешет. Алардын айтымында, туугандары жабырлануучуларга кылмыш ишинде көрсөтүлгөн сумманы толугу менен төлөп берген.

Буга чейин Тажикстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү соттон Амонду тогуз жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Москвадагы тажик борборунун жетекчиси Иззат Амондун орус жарандыгы жокко чыгарылып, 25-мартта Тажикстанга депортациялангандан кийин кармалган. Расмий маалыматка караганда, активист ага алданып калдык деген бир нече кишинин арызынын негизинде кармалган. Жакындары укук коргоочуга коюлган айып негизсиз экенин билдирип келет.

Иззат Амондун тарапташтары активист тажик бийлигин сындаганы үчүн кармалганын айтып чыгышкан. Орусияда ал мигранттарга юридикалык жардам көрсөтүүдөн сырткары социалдык медиада тажик өкмөтүнүн айрым иштерин сындап жүрчү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG