Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:31

Бишкекте түркмөн сүрөтчүсү Шыхдурды Орадовдун көргөзмөсү болот


"Беткаптар". Ш. Орадовдун тарткан сүрөт.
"Беткаптар". Ш. Орадовдун тарткан сүрөт.

Түркмөн сүрөтчүсүнүн 80 жылдыгына арналган көргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 21-октябрда башталат.

Музейден маалымдашкандай, Шыхдурды Орадов Борбор Азиядагы көчмөн элдин жашоосун чагылдырган эмгектери менен таанымал.

Сүрөтчү Ашхабаддын четиндеги Дурун деген айылда туулуп-өскөн. Түркмөнстандын көркөм окуу жайын, Ленинграддагы жогорку көркөм өнөр жайын аяктаган.

1987-1992-жылдары Түркмөнстандын сүрөтчүлөр союзун жетектеп турган.

1989-жылы Борбор Азия элдеринин кол өнөрчүлүгү боюнча ири аймактык форумду уюштурган. Учурда Алматы шаарында жашайт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG