Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Ар бир аймакта медиктерге эстелик тургузуу сунушталды


Бишкекте медиктерге арналган эстелик.
Бишкекте медиктерге арналган эстелик.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлери үчүн Кыргызстандын ар бир облусунда эстелик тургузууну сунуш кылды. Мындай демилгени ал 20-октябрда парламенттин жыйынында көтөрдү.

Бир күн мурун Бишкекте ушундай эстелик ачылган. Коронавирус пандемиясында кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон медицина кызматкерлерине жана медициналык окуу жайлардын студенттерине арналган айкел Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын короосуна орнотулду.

2020-жылдын июлунда коронавируска каршы Бишкекте стационарда иштеп каза болгон ыктыярчы студент кыз Адинай Мырзабекованын ысымы баш калаадагы паркка ыйгарылган.

COVID-19га каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө алты миңден ашуун медицина кызматкери коронавирус менен ооруп, анын 123ү каза болду. Анын ичинде 79 дарыгер жана 44 орто медициналык персоналдын өкүлдөрү бар.

Ал арада инфекцияга каршы күрөшкөн медиктерге өкмөт убада кылган компенсация жана айлык берилбей жатканы маселе жаратып турат. Саламаттык сактоо министри каржы көйгөйү чечилери менен акы төлөнөрүн билдирген.

Өлкөдө коронавирус инфециясы жуккандардын расмий саны 180 миңден ашты. Алардын 2600дөн ашууну көз жумуп, 175 миңге жакыны айыкты

Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1 миллион 600 миңден ашты. Алардын 914 миңге жакыны вакцинанын биринчи дозасын, калганы эки дозаны тең алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG