Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Бишкекте тергөөчү жасалма тосмо арыз менен ишти мыйзамсыз кыскартканы аныкталды


Кыргызстандын милициясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын милициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын жазык иштери боюнча кабыл алган процессуалдык чечимдеринин мыйзамдуулугу текшерилип, арыз жана башка процессуалдык документтерди бурмалоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Анда айтылгандай, 19-октябрда аталган бөлүмдүн нөөмөт бөлүмчөсүнө Бишкек шаарындагы кафелердин биринде уюлдук телефон уурдоо фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ жерине барып, даттануучудан арыз кабыл алган. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 200-беренеси (“Уурулук”) менен Кылмыштардын жана жоруктардык бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

10 күндөн кийин, 30-сентябрда Г.А аттуу тергөөчү бир дагы тергөө-иликтөө ишин жүргүзбөстөн, атайылап жалган маалымат киргизүү менен телефондун жоголгону тууралуу мурда жазылган арызды "тосмо арыз" катары бурмалап, сотко чейинки өндүрүштү мыйзамсыз кыскарткан.

Башкы прокуратура топтогон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тергөө амалдары уланууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG