Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Майыптар коому "Алтын балалыкты" уюштурууга жардамын сунуш кылышты


Калык Мамбетакунов. Архивдик сүрөт.
Калык Мамбетакунов. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын “Майыптыгы бар адамдар ассоциациясы” уюму “Алтын балалык” реабилитациялык борборун керектүү буюм-тайым менен камсыздоого ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар эмгектенген ишканаларды да тартууну өкмөттөн өтүнүүдө. Бул тууралуу ассоциациянын президенти Калык Мамбетакунов борборго жардам чогултуу үчүн уюштурулган марафондо сүйлөп жатып билдирген.

Мамбетакунов белгилегендей, буюртма майыптыгы бар адамдар иштеген цехтерге берилсе аларга кошумча маяна табууга мүмкүнчүлүк ачылат:

“Ошол буюртманын баарын майыптар ишканасына бериңиздер. Мыйыптар өзүлөрү иштесин, айлык алсын. Ошолордун эмгегинен силердин жардамыңар менен “Алтын балалык” тиричилик жагынан керек болгон буюм-тайым менен камсыз болсун”.

Ассоциациянын жетекчиси реабилитациялык борборго алгачкы салым даяр экенин да айтты:

“Кыргыз Республикасынын майыптар коомунун атынан биз керебеттерди, 10 комплект шейшептерин, буюм-тайым салына турган жана кийим илине турган шкафтарын даярдап койдук. 1-июнга карата Бишкектен “Алтын балалыкка” унаалар кетер, ошолорго жүктөп беребиз”.

“Алтын балалыкты” мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева түзгөн “Мээрим” кайрымдуулук фонду Чолпон-Атада 2000-жылы кура баштаган. 2005-жылы бийлик алмашып, Акаевдер өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон бери борбордун курулушу аяктабай турган.

Быйыл 15-октябрда аны ишке киргизүү максатында уюштурулган кайрымдуулук марафону өткөн. Ага катышкан президент Садыр Жапаров 500 орунга эсептелген борборду быйыл март айында көрүп келгенин, курулушун аяктоону жана пайдаланууга берүүнү тапшырганын, келерки жылдын 1-июнуна карата ачуу пландалып жатканын айткан.

Совет маалында майыптар иш менен камсыз болгон атайын завод-фабрикалар бар болчу. Кийин алардын көбү буюртма жоктугунан ишин токтотууга мажбур болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG