Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:25

Украина АКШдан аскердик жардамдын үчүнчү партиясын алды


Украина президенти Владимир Зеленский (солдо) жана АКШ президенти Жо Байден (оңдо) Вашингтондо 1-сентябрда жолуккан. 2021-жыл.
Украина президенти Владимир Зеленский (солдо) жана АКШ президенти Жо Байден (оңдо) Вашингтондо 1-сентябрда жолуккан. 2021-жыл.

Украинага америкалык аскердик жардамдын үчүнчү партиясы келди.

Бул украин куралдуу күчтөрү үчүн АКШ өкмөтү бөлгөн 60 млн. долларлык жардамдын жыйынтыктоочу бөлүгү. Анда ок дары, танкка каршы жана таамай атуучу куралдар, медициналык жабдуулар бар экенин "Немис толкуну" радиосу кабарлады.

"Биз Украинаны НАТОго карай жолдо бараткан, тынч жана эркиндикти сүйгөн өлкө катары көргүбүз келет", - деп сүйлөдү АКШнын Украинадагы аскердик атташеси, полковник Бриттани Стюарт.

Аскердик жардам алуу боюнча келишим Украинанын президенти Владимир Зеленский сентябрдын башында АКШга иш сапар менен барганда жетишилген. Жардамдын биринчи жана экинчи партиясын Киев 10-18-октябрда алган.

Пентагондун башчысы Ллойд Остин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу учурунда Донбасстагы жети жылга созулган жаңжалда АКШ Украинага 2,5 млрд. доллардан ашуун жардам көрсөткөнүн белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG