Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:36

COVID-19: Санкт-Петербург менен Тувада бир жума карантин жарыяланат


Москванын Н. В. Склифосовский атындагы ооруканасынын дарыгерлери. 20-октябрь, 2021-жыл.
Москванын Н. В. Склифосовский атындагы ооруканасынын дарыгерлери. 20-октябрь, 2021-жыл.

Санкт-Петербург шаарынын бийлиги 30-октябрдан 7-ноябрга чейин карантин киргизилерин жарыялады. Бул маалда шаарда кафе-ресторандар жабылып, азык-түлүк саткандан башка дүкөндөр жабык болот. Мамлекеттик мекемелерге кирүүгө болбойт. Бул тууралуу шаар бийлигинин башчысы Александр Бегловдун токтому чыкты.

Мамлекеттик билим берүү мекемелеринин 70% чукулу аралыктан иштөөгө өткөрүлөт. Шаардагы мейманканалар коронавирустан эмделген же ден соолугуна байланыштуу вакцина сайдыра албаган кардарларга гана орун берет.

Пандемиядан улам Тува аймагына да жаңы чектөөлөр киргизилери ишембиде дайын болду. Бул жерде да калкка кызмат көрсөтүү, музей жана храмдар жабык болот. Ошондой эле келген туристтер мейманканаларга жайгаша албайт. Республика борбору Кызыл шаарында коомдук транспорт токтойт.

Орусияда сентябрдын ортосунан тарта COVID-19 жуктуруп алган бейтаптардын саны токтоосуз өсүп жатат. Президент Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрда чейин өлкөдө дем алыш деп жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG