Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:46

ДССУ пандемия жакында бүтпөй турганын эскертти


Орусия. Москванын ооруканаларынын бириндеги "кызыл зона". Сентябрь, 2021-жыл.
Орусия. Москванын ооруканаларынын бириндеги "кызыл зона". Сентябрь, 2021-жыл.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейсус 25-октябрда пандемия жакын арада аяктабай турганын жарыялады.

Европанын бир катар мамлекеттеринде, Орусияда коронавирус күч алганына байланыштуу, карантин киргизилип жатат. Эстонияда эмделбегендерге коомдук жайларга кирүүгө тыюу салынды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси пандемиянын аягына чейин көп бар экенин эскертти.

Тедрос Гебрейсус
Тедрос Гебрейсус

"Жумасына 500 миңдей адам өлүп жаткан маалда, пандемиянын аягы көрүнбөйт. Бул катталган гана өлүмдөр. Аны аягына чыгаруу биздин колубузда",- деди Тедрос Адханом Гебрейсус.

Ал калкынын көбүн эмдеген мамлекеттер жакыр өлкөлөргө вакцинадан каралашууга тийиш экенин дагы бир жолу эскертти.

Ал арада бир катар мамлекеттерде коронавирус катуу жайылып жатканына байланыштуу карантин киргизилип жатат.

Эстония

25-октябрдан тартып Эстонияда коронавируска каршы вакцина албагандар үчүн чектөөлөр катаалдашты. Мындан улам алар эмдиги жылдын 10-январына чейин көп мекемелерге, коомдук иш-чараларга бара алышпайт.

Тактап айтканда, эмделбегендер окуу жайларга киргизилбейт, спорттук иш-чаралага катыша алышпайт, кинотеатр, музей, көргөзмө сыяктуу маданий жайларга барууга тыюу салынат, коомдук тамактануучу жайларга, алтургай ачык асман алдында өткөрүлгөн жыйындарга да барууга болбойт.

Ошондой эле Эстония өкмөтү 25-октябрдан тартып бардык жарандарды беткап кийүүгө милденттендирди. «Рейтер» кабарлагандай, Эстониянын 1,3 миллион калкынын жарымынан көбү эмделген.

Орусия

Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны бир аптадан бери миңден төмөндөбөй жатат. Өлкөнүн башкы инфекциялык дарыгери Владимир Чуланов билдиргендей, соңку күндөрү коронавируска чалдыккан балдардын саны да кескин көбөйдү.

Өлкөнүн алты аймагында 25-октябрдан тарта карантин киргизилди. Жалпы Орусия боюнча 30-октябрдан баштап бир жумалык "дем алыш" жарыяланды. Ал эми баш калаа Москвада мындай чаралар 28-октябрдан тарта ишке кирет.

Дем алыш күндөрү бардык дүкөндөр, тамактануучу жайлар, билим берүү мекемелери жана тейлөө кызматтары жабык болот.

25-октябрда Кремлдин сайтына чыккан маалыматка караганда, түнкү 23.00 дон таңкы 6.00га чейин тамактануучу жайлардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынат.

Орусиянын 146 миллион калкынын 35% гана толук эмделген.

Коргонуучу каражат кийген көрүстөндүн кызматкерлери коронавирустан өлгөн адамдын сөөгүн жерге берип жатышат. Омск. 9-октябрь, 2021-жыл.
Коргонуучу каражат кийген көрүстөндүн кызматкерлери коронавирустан өлгөн адамдын сөөгүн жерге берип жатышат. Омск. 9-октябрь, 2021-жыл.

Латвия

Латвияда 21-октябрдан баштап 15-ноябрга чейин коронавирус менен ооругандардын саны кескин көбөйгөнүнө байланыштуу катаал карантин киргизилди. Өлкөдөгү азык-түлүктөрдү саткан дүкөндөрдөн башкасы жабылды, бардык маданий, спорт жана башка көңүл ачуучу иш-чараларга тыюу салынды. Кафе-ресторандар жабылды.

Андан тышкары кечки саат 20.00дан баштап таңкы 5.00ке чейин коменданттык саат киргизилди. Окуучулардын көбү аралыктан билим алууга которулду.

Балдар үчүн вакцина

Кошмо Штаттардын жугуштуу оорулар боюнча алдыңкы эксперти Энтони Фаучи ABC TV телеканалына курган маегинде 5-11 жаштагы балдар үчүн вакциналар ноябрдын алгачкы жарымында даяр болорун айтты.

Pfizer/BioNTech компаниялары кичинекей балдарга эки дозадан турган вакцинаны саюуга уруксат берүүнү суранып АКШнын тамак-ашты жана дары-дармекти көзөмөлдөөчү башкармалыгына кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG