Түркияда кармалып, камакка алынган түркмөнстандык жарандык активист Ахмет Рахманов Гурбангулы Бердымухамедовдун саясатына каршылык иретинде ачкачылык кармап жатканын адам укугу боюнча Хельсинки фонду кабарлады.
“Эл аралык коомчулук азыр Түркмөнстандын ичиндеги жана чет өлкөлөрдөгү түркмөндөрдүн абалына көңүл бурарына үмүттөнөм”, – деп Рахманов Хельсинки фондуна билдирген.
Стамбулдан анча алыс эмес Тузла деген жердеги депортациялык борбордо 47 жаштагы Рахмановдун ачкачылык жарыялоосуна башка түркмөндөр дагы тилектештик иретинде кошулушкан. Бул депортациялык борбордо документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен түркмөн жарандары кармалып турат.
Ахмет Рахманов 18-октябрда Анталиядан кармалган. Ал "Түркмөнстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын социалдык тармагын тейлеген администратор болуп иштечү. Мурда ал түркмөн өкмөтүн социалдык тармактар аркылуу сындап келген.