Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

АКШ президенти Жо Байден Европага келди


АКШ президенти Жо Байден жубайы Жилл Байден менен Италияга конду. 29-октябрь, 2021-жыл.
АКШ президенти Жо Байден жубайы Жилл Байден менен Италияга конду. 29-октябрь, 2021-жыл.

АКШ президенти Жо Байден 29-октябрда Европага келди. Ал Римде өтө турган Чоң жыйырманын саммитине, Ирандын өзөктүк программасы боюнча өнөктөштөрдүн жыйынына катышып, Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолугушары күтүлүп жатат. Байден Американын президентти болгон Жон Кеннедиден кийинки эле экинчи католик.

Байден ошондой эле, 1-ноябрда баштала турган Глазгодогу климат боюнча дүйнөлүк конференцияга катышат.

Жыйырма кубаттуу мамлекеттин жыйыны Италиянын баш калаасында 30-октябрда башталат. Анын алкагында Байден Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жеке жолугары күтүлүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG