“Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында 29-октябрда академиянын президенти, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин 80 жылдык мааракесине арналган республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өттү.
Иш-чарага белгилүү коомдук ишмерлер, адабиятчылар катышып, Тургуналиевдин эмгек жолу тууралуу баяндамаларды жасашты.
Коомдук ишмердин 80 жылдык мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык конференция Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында уланып, концерттик программа менен коштолду.
Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында туулган. 1965-жылы Москвадагы Мамлекеттик маданият институтун бүтүрүп, 1975-жылы МГУда кандидаттык диссертациясын жактаган.
Ишеналы Арабаев атындагы КМУда окутуучу, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында директор болуп иштеген. 1990-жылы КДКны уюштуруучулардын бири, тең төрагасы, “Эркиндик” партиясын түптөп, аны көп жылдар жетектеген.
Коомдук ишмер 2019-жылдын июнь айынан бери “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясын жетектеп келе жатат. (MZh)
Facebook шеринеси