Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Блаттер менен Платиниге көз боёмочулук үчүн айып тагылды


Блаттер жана Платини
Блаттер жана Платини

Швейцариянын прокуратурасы Футбол боюнча эл аралык федерациянын (ФИФА) жана Европа футбол ассоциацияларынын биримдигинин (УЕФА) мурдагы жетекчилерине көз боёмочулук үчүн айып такты. Мындай маалыматты өлкөнүн Башкы покуратурасы таратты.

Зепп Блаттер жана Мишел Платини 2 миллион швейцариялык франкты (2 миллион доллардан бир аз ашат) кымырып алган, документтерди бурмалап жасашкан деп айыпталууда. Тергөөнүн версиясына ылайык, Блаттер Платиниге ФИФАда иштегендиги үчүн федерациянын эсебинен мыйзамсыз акча төлөөнү арткы дата менен жактырган.

Бул иш ачыкка чыкканда эки функционер 2015 жана 2016-жылдары кызматтарынан кеткен. Аларга футбол тармагында бир нече жыл кызмат ээлөөгө тыюу салынган. Иликтөөнүн жүрүшүндө Блаттер менен Платини коррупция, бир нече мыйзамсыз иштер үчүн күнөөлөнгөн. Эми алар сот алдында жооп бериши керек жана түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG