Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан, кар жаайт


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 5-6-ноябрда түнкүсүн аба ырайы кескин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

5-ноябрда Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5,

Талас облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5,

Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -4...+1,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10,

Нарын жергесинде түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -8...-13°.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз 0…-2° болот

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG