Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Бүбүкан Досалиеванын "Эфирде мезгил тарыхы" аттуу китеби чыкты


Белгилүү журналист, маркум кесиптешибиз Бүбүкан Досалиевнын "Эфирде мезгил тарыхы" аттуу китеби окурмандарга тартууланды.

Досалиева бул китепти көзү тирүүсүндө даярдап бүткөндөн кийин каза болгон. Үй-бүлөсү аны басып чыгарып, Бишкектеги Улуттук китепканада 5-ноябрда китептин бет ачары болду. Автордун 2014-жылы жарыялаган "Энелер жөнүндө баллада" деген китеби да эскерүүлөр менен толукталып, экинчи жолу басылды.

Китептин бет ачары "Эмгекти туудай сүйгөн кыз, Эл үчүн дайым күйгөн кыз" деген көргөзмө менен коштолууда. Ага Бүбүкан Досалиеванын сүрөттөрү, макалалары, ал жөнүндө эскерүүлөр жана алган сыйлыктары коюлган.

Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан көз жумган.

Ал 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG