Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

"Европа Биримдиги - Борбор Азия" форуму 2022-жылы Казакстанда өтөт


Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Европа Комиссиясынын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Европа Комиссиясынын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис.

"Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форуму кийинки жылы Казакстанда өтөт. Бул тууралуу форумдан кийинки маалымат жыйында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, форумду жыл сайын өткөрүүнү Кыргызстан сунуштаган. Сунуш колдоо таап, кийинки форум Казакстанда өтмөй болду. Жапаров Бишкектеги форумда айтылган сунуштар анализденерин кошумчалады.

Бишкекте 5-ноябрда "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форуму “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Алгач ирет өтүп жаткан бул иш-чара Еврошаркет менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.

Форумга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын, Өзбекстандын өкмөт башчылары, Тажикстан менен Түркмөнстандын вице-премьер-министрлери, Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Андан сырткары Венгрия жана Австриянын тышкы иштер министрлери келген.

Иш-чаранын алкагында жашыл, туруктуу, климаттык экономикага өтүү, санариптештирүү маселелери талкууланды. COVID-19 пандемиясынын кесепетинен келип чыккан социалдык-экономикалык каатчылыктан кийин жашыл жана туруктуу калыбына келтирүүнү колдоого алууда координацияланган экономикалык жооп кайтаруу чараларын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Эл аралык иш-чаранын алкагында ишкерлердин бизнес-форуму да уюштурулган. Анын алкагында чакан ГЭСтер, айыл чарба, билим берүү жана жашыл экономика боюнча алты келишимге кол коюлду. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG