Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

ДССУ: Европа менен Борбор Азия кайрадан пандемиянын очогунда калды


Болгариядагы оорукана
Болгариядагы оорукана

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ ) акыркы төрт жумада Европада COVID-19 илдетине кабылгандар 55 процентке көбөйгөнүн билдирди.

Уюмдун чукул абалдар боюнча программаларынын директору Майк Райан 4-ноябрдагы пресс-конференцияда белгилегендей, вакцина менен жакшы камсыздалганына карабай континенттин айрым өлкөлөрүндө эмдөө солгун жүрүп жатат.

Райан азыркы кырдаалды дүйнө үчүн «эскертүү» деп сыпаттады.

Чыгыш Европада дезинформациянын тарашы, ишенбөөчүлүк маанайдан улам вакцина алгандар аз болуп, инфекция жайылууда. Орусия жана Украинада коронавирусту жугузуп алгандардын, көз жумгандардын статистикасы күн санап өсүүдө.

Алдыңкы күнү ДССУнун регионалдык директору Ханс Клюге Европа кайрадан пандемиянын очогунда калганын билдирген.

«Бүгүн Европадагы жана Борбор Азиядагы ар бир өлкө COVID-19 кайра баш көтөрүшү мүмкүн деген коркунучка дуушар болду же илдет менен күрөшүп жатат. Вирустун жайылуу ылдамдыгы олутту каматама жаратууда», - деп айткан Клюге.

Анын айымында, мындай тенденция улана берсе, эмки жылдын февралына карай Европада жана Борбор Азияда коронавиурска байланыштуу каза тапкандардын саны жарым миллион кишиге жетиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG