Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Бишкекте Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду ачылды


Венгриянын борбору Будапешт шаары.
Венгриянын борбору Будапешт шаары.

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болду. Ага Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто жана фонддун башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Сийярто эки өлкөнү соода-экономикалык, социалдык жана маданий мамилелер байланыштырып турарын айтты.

"Фонд инвестицияларды тартуу жана долбоорлорду ишке ашыра турган натыйжалуу аянтча болуп берет. Бул Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө салым кошот", - деп билдирди Сийярто.

Бишкекте өтүп жаткан "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форумунда Венгриянын тышкы иштер министри Будапешт-Бишкек авиакаттамы ачыларын, Ошондой эле Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн 540 студентти акысыз окутуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн билдирди.

Сентябрдын башында президент Садыр Жапаров Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койгон. Макулдашуу ушул жылдын 8-апрелинде түзүлгөн.

Фонд эл аралык уюм болуп, анын уставдык капиталы 16 миллион долларды түзөт жана Венгрия бул уставдык капиталды 50 миллион долларга чейин көбөйтүү ниетин билдирген.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылы 29-сентябрда Венгрияга жасаган сапары учурунда ал өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга насыя түрүндө 50 миллион доллар бөлүнөрүн айткан.

Тараптардын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы февраль айында ачылган. 2018-жылы венгер өкмөтүнүн башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студенттер Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алышат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG