Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Берлинде орус дипломаты белгисиз жагдайда каза тапты


Орусиянын Берлиндеги элчилиги
Орусиянын Берлиндеги элчилиги

Берлинде Орусиянын элчилигинин экинчи катчысы белгисиз жагдайда каза тапты. Бул тууралуу германиялык Spiegel гезити 5-ноябрда жазды. Кабарда полиция 19-октябрда эртең менен дипломатиялык миссия жайгашкан имараттын жанында 35 жаштагы эркек кишинин сөөгүн тапканы айтылат.

Болжол менен ал үстүнкү кабаттан кулаган. Элчиликтин өкүлү гезит кабарчысынын суроолоруна жооп берип, “кайгылуу кырсык болгонун" айтып, бирок "этикалык жүйөдөн улам" ага түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан. Каза болгон киши дипломат болгондуктан, немис прокуратурасы өлүмдүн чоо-жайын иликтей алган жок.

Spiegel басылмасынын маалыматына караганда, ал киши элчиликте 2019-жылдын жайынан бери иштеп келген. Германиянын атайын кызматы маркум Федералдык коопсуздук кызматынын - ФСБнын кызматкери болгонун жокко чыгарбайт.

Ал эми The Insider жана Bellingcat ачык булактардагы маалыматтарды талдап чыгып, маркумдун тек жайын аныкташкан. Ал Конституциялык түзүлүштү коргоо жана терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчи орун басары, генерал Алексей Жалонун уулу Кирилл Жало болчу.

Spiegel, The Insider, Bellingcat жана CNN биргелешкен иликтөөсүнө таянып, ошол башкармалыктын кызматкерлеринин былтыр жайында оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды ууландырууга байланышы бар болчу деп билдиришкен. Орус бийлиги муну четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG